Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

"Мыкты экспортчу" улуттук сынагы өтөт


Өндүргөн продукциясын экспортко чыгарып, жакшы натыйжага жетише алган ишкерлер атайын сыйлыкка ээ болот. Кыргыз өкмөтү быйыл “Мыкты экспортчу” улуттук сынагын өткөрүүнү чечти.

Максат - экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, өнөр жай, туристтик жана агрардык комплексти өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү.

Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу иштери Экономика министрлигине жүктөлдү. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, уюштуруу, өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого байланыштуу чыгымга бюджеттик эмес каражат жумшалат. (RK)

XS
SM
MD
LG