Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:39

Инвестициялык долбоорлорду даярдоо фонду түзүлөт


Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду даярдоо фонду түзүлөт. Мындай мүмкүнчүлүк караштырылып жатканын өкмөттөн кабарлашты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушууда белгилегендей, учурда Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги инвестициялык долбоорлорду даярдоодо каражат жана күрөө жагынан аксап жатат. Бул маселени чечүү максатында атайын фонд түзүү каралып жатканын айткан премьер Европа банкын аны түптөөгө катышууга чакырды.

Соңку үч жыл аралыгында ЕРӨБ Кыргызстанга 300 миллион доллар инвестиция салды. Келечекте бул уюм айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлорду каржылоого басым жасоону чечти.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда ички жана тышкы инвестицияга муктаж, келечектүү тармактар көп, бирок каражаттын жетишсиздиги жана инвестор үчүн жагымдуу шарттын бекем эместиги өнүгүүгө тоскоол жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG