Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Трамп дүйнөлүк лидерлерди угабы?


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп расмий ишке киришкенден тарта дүйнөдөгү таасирдүү өлкө лидерлери АКШ менен алакасындагы маанилүү маселелерди кайрадан козгошту. Көбү глобалдык экономиканы сөз кылышса, Орусия санкцияларды, Түркия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эстеди.

20-январда АКШ президенттигине расмий киришкен Дональд Трамп айрым олуттуу маселелер боюнча мурдагы президент Барак Обаманын саясатынын нугун өзгөртүүгө камынууда.

Анын бири - Транс Тынч океан келишими. Бул келишим ага кол койгон 12 өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн жеңилдетип, ортодогу бажы алымдарын азайтмак. Бирок, арзан импорттун ордуна атамекендик өндүрүш деген принципке ыктаган Трамп аталган келишимди келери менен жокко чыгарарын кайталап келатат. Атүгүл инаугурация учурунда "америкалыктарды жумушка орноштур, Американыкын сатып ал" деген чакырыгы менен ал оюн дагы бекемдеди.

Транс Тынч океан келишимин Обама кызуу кубаттап, жети жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашкан болчу. Дагы бир кызыкдар саясатчы - Жапониянын премьери Синдзо Абэ. Ал жаңы президенттин оюн өзгөртүүгө катуу аракет жасап жатат. Атүгүл АКШда шайлоо өтөрү менен барып жолугуп келген. Дүйшөмбүдө парламенттеги сөзүнө караганда үмүтү дале өчө электей:

- Президент Трамп эркин жана акыйкат сооданын маанилүүлүгүн түшүнөт деп ишенем. Ошон үчүн анын Транс Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминин стратегиялык жана экономикалык маанисин түшүнүшүнө умтулам.

Трамп менен Абэнин кеби
Трамп менен Абэнин кеби

Экономика темасы АКШнын ынак өнөктөштөрүн да түйшөлтүүдө. Трамп менен 27-январда чет өлкө лидерлеринин ичинен биринчи жолукканы жаткан британ премьер-министри Тереза Мэй "Би-Би-Сиге" курган маегинде буларды белгиледи:

- Мен аны менен жума күнү жолугушуп сүйлөшөм. Биз сүйлөшчү сөздөр көп. Анткени Британия менен АКШ көп жылдан бери өзгөчө, бекем алакада. Болочок соода алакаларыбыз тууралуу пикир алышабыз. Баарыбыз кептелип жаткан Сирия чатагы, терроризмди жок кылуу сыяктуу дүйнөлүк маселелерин да талкуулайбыз.

Дал ушул эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө, Сирия, Украина сыяктуу геосаясий маселелерде, НАТО жана башкалар боюнча АКШнын жаңы администрациясы менен бир пикирде болушу Евробиримдикке өтө маанилүү. Аны Германия канцлери Ангела Меркел Трамп шайланганда да айткан, инаугурациясынан кийин да унутпады:

- Буга байланыштуу эки нерсени айта алам. Биринчиден, эл аралык экономикалык системада, эл аралык соода системасында жалпы баалуулуктар, жамаатташуу эрежелерине таянып, чогуу иштегенибиз жана аскердик бирикмелерге салым кошконубуз баарыбыз үчүн жакшы экенине бек ишенем. Экинчиден, трансатлантикалык мамилелердин жакынкы жылдардагы мааниси өткөн жылдардагыдан кем болбойт. Мен мына ушунун үстүндө иштейм.

Трамп башынан эле Путин, ал башкарган Орусия менен алаканы оңдойм деп келген. Бул Сирия, Украинага байланыштуу Батыштын орустарга салган санкциялары жумшарабы, баштапкы АКШ позициялары канчалык жана кайда өзгөрөт деген чочулоолорго түртүп жатат. Деген менен Орусия деле санкциялардын алынышына анчейин үмүт артпагандай. Өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев жекшембидеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайында муну ачык туюнтту:

- Кандайдыр бир чоочундардын шайлоосунан, ишке жаңы киришкен чет өлкөлүк жетекчилерден үмүттөнбөшүбүз керек. Азыркы оңтойлуу жагдайды биздин чарбадагылар жигердүү колдонуп калышы керек. Биз бул жагынан аларды колдойбуз. Анткени кандай гана болбосун биз өзүбүздү өзүбүз багабыз.

Ал арада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган да мааниси башкадан кем эмес маселени эске салууда:

- Биз азыр Трамптын Жакынкы Чыгышка мамилеси кандай болоорун ойлонуп жатабыз. Анткени ушул тушта ал жак “кайнап” атат.

Алдыда эми АКШнын жаңы президенти дүйнөдөгү таасирдүү өлкөлөрдүн лидерлеринин кебине канчалык кулак салып, ыгына көнөт деген суроо турат.

Азырынча Трамп жогорудагы маселелер боюнча чечим кабыл алганы тууралуу маалымат чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG