Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Игорь Додон: Молдова Евробиримдикке мүчө боло албайт дегенге ишенбейм


Молдова президенти Игорь Додон.
Молдова президенти Игорь Додон.

Молдова президенти Игорь Додон бул өлкө эч убакта Европа Биримдигине мүчө боло албайт дегенге ишенбей турганын айтты.

Анын белгилешинче, толугу бойдон шайкеш келүү үчүн “Орусия менен тил табуу” зарыл.

Мамлекеттик телеканалдан сүйлөгөн сөзүндө ал Приднестровье жана Гагаузия аймактарынын көпчүлүк калкы евроинтеграцияга каршы экенин белгиледи. “Мына ошондуктан Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк мамилесин түзбөсөк биз өлкөдө биримдик орнотууда ийгиликке жете албайбыз. Мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу бар”,- деди Додон.

Молдованын Евробиримдик менен ассоциация келишимине 2014-жылдын 27-июнунда кол койгон. Учурда келишимди ратификациялоо жараяны жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG