Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Беларус кайыкчылары допинг колдонушкан эмес

Кайык жарышы учуру. Рио-де-Жанейро, август, 2016-жыл.
Кайык жарышы учуру. Рио-де-Жанейро, август, 2016-жыл.

Эл аралык спорттук арбитраж соту беларус спортчу жигиттердин каноэ жана байдарка командасынын Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынан четтетилиши чекилик болгон деген бүтүм чыгарды.

23-январдагы чечиминде сот өткөн жылдын июлунда Эл аралык каноэ федерациясынын беларустарды бир жыл оюнга катышпасын деген чектөөсүн да четке какты.

- Антидопингдик эрежелер бир нече жолу бузулушу ыктымал деген шекке ишенүүгө жетиштүү далилдер болгон эмес,- деди сот.

Өткөн жылдын апрелинде беларус командасынын 17 мүчөсүнүн бешөөнүн канынан тыюу салынган мельдоний заты табылганы кабарланган.

Беларустар 2012-жылкы Лондондогу Олимп оюндарында каноэден эки күмүш медаль уткан. 

XS
SM
MD
LG