Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Трамп талаштуу мунай куурларынын курулушун улантууну чечти


Түндүк Дакота.
Түндүк Дакота.

АКШ президенти Дональд Трамп эки мунай куурунун курулушун улантуу тууралуу жарлыкка кол койду. Dakota Access Pipeline жана Keystone XL куурларындагы курулуш иштери буга чейинки президент Барак Обаманын тушунда экологдор жана индеецтердин каршылыгынан улам токтотулган. Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер шейшембиде билдиргенине караганда:

- Өлкөдө энергетикалык революция жүрүүдө. Буга чейин болуп келген бюрократиялык жана саясий тоскоолдуктарга карабастан, биз алдыга жылууга даярбыз. Президенттин жарлыгы ондогон жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экологияга залака келтирбестен энергетикалык көз каранды эместикти камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Dakota Access Pipeline куурунун курулушу 3,8 миллиард долларды талап кылат. Ал аркылуу мунай Түндүк Дакота штатынан Иллинойско жеткирилет.

Бул долбоорго каршы тарап Миссури суусунун жээгинде жашаган индеецтер таза суудан жана ыйык жерлеринен ажырайт деген жүйөнү келтирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG