Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:10

Кыргызстанда сасык тумоо кайра күчөдү


Кыргызстанда сасык тумоо кайрадан күчөп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жума сайын өткөрүлчү мониторинг ооругандардын саны 5% жогорулаганын көрсөттү.

9-15-январда тумоолоп ооруканага кайрылгандардын саны 7,5 миң болсо, 16-22-январда дээрлик 8 миңге жетти. Айрыкча Ысык-Көл, Баткен жана Чүй облустарында көп катталууда.

Дарыгерлердин айтуусунда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Былтыр ноябрдын аягында сасык тумоо күчөп, 150дөй мектеп убактылуу жабылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG