Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Трамп миграция эрежелерин катуулаткан буйруктарга кол коет


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп бүгүн миграция эрежелерин катуулаткан бир нече буйрукка кол коет. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, АКШга Сириядан жана Жакынкы Чыгыш, Африканын алты өлкөсүнөн мигранттарды кабыл алууга убактылуу тыюу салынат.

Ошондой эле Ирак, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йеменде АКШга виза ачуу убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары чек арада көзөмөл күчөтүлөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп бүгүн АКШнын ички коопсуздук министрлигине барат.

Буга чейин АКШ администрациясынын сайтына Мексика менен чек арага жаңы дубал куруу жана мурда соттолгон мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тууралуу чаралар жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG