Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

УКМК террорчулукту каржылоону көздөгөн уюшкан топту кармады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын аймагында террорчулукту каржылоо максатында жасалма акча жасаган топту кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-январда Чүй облусунун аймагынан эки чет өлкөлүк кармалган. Алардын жанынан 56 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттор табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жасалма акча Түркияда даярдалганы жана учурда Стамбулда жашап жүргөн Ильяс Сабиров, Мансур Суванов аттуу кыргыз жарандарынын катышы бар экени аныкталган.

Ильяс Сабировго буга чейин Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына кол салууга катышы бар деп эл аралык издөө жарыяланган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG