Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Бишкекте оппозицияга басымды токтотуу маселелери талкууланууда


Оппозиция тарапкерлеринин пикети.
Оппозиция тарапкерлеринин пикети.

Бишкекте өткөн жылы мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен кармалган "Элдик парламент" мүчөлөрү боюнча жыйын өтүүдө. Иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо" комитети жана "Элдик курултай" кыймылы уюштурган. Ага аталган комитет мүчөлөрү, камактагы оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары катышууда. Жыйында "Элдик парламент" мүчөлөрүнүн соту жабык өтүп жатканына нааразылык айтылды. Буга байланыштуу бийликтен камактагыларга карата басымды токтотуу жана соттук жараянды ачык өткөрүү талабы айтылды.

Оппозициядагы Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен былтыр май айында камалган.

Булардын ичинен өткөн жылы ноябрда Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Калганы УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө. Жараян ар аптанын шаршемби, бейшемби күндөрү өтүп жатат.(NT/BkA)

XS
SM
MD
LG