Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Президент Атамбаев мектептердин курулушуна кызыкты


Жаңы мектеп.
Жаңы мектеп.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда министр мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча иштер тууралуу айтып берди. Өткөн жылы Кыргызстанда 76 мектеп курулду жана 100гө чукул мектептер капиталдык оңдоодон өттү. Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча дагы 28 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев мектептерди куруу жана оңдоого бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана курулуштун сапатына көңүл бурууну тапшырды.(BkA)

XS
SM
MD
LG