Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Дубайда кулчулукка кабылган келин Кыргызстанга алып келинди


Дубайда ыдык көргөндөр.
Дубайда ыдык көргөндөр.

Дубайда дайынсыз кеткен кыргызстандык Алина Шадыканова мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы ишер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бир топ убакыттан бери дайынсыз кеткен Шадыканова Акыйкатчы институтунун жана Тышкы иштер министрлигинин бирдиктүү аракети менен табылган.

Үч балалуу Алина Шадыканова Бириккен Араб эмирликтеринин Дубай шаарына иштегени барган. Аны чакыргандар сексуалдык кулчулукка мажбурлаган. Андан баш тартканы үчүн токмоктолгону тууралуу апасына телефон чалып айткан. Апасы 29-декабрда акыйкатчыга кайрылган.

Издөө иштерине эл аралык уюмдар да тартылды. Швейцариялык фонддун өкүлү Алина миграциялык түрмөдө экенин тактаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG