Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Пакистан жыл башында үч ирет ракета сынады


Пакистандагы ракета сыноо, 24-январь 2017-жыл.
Пакистандагы ракета сыноо, 24-январь 2017-жыл.

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, жерден атылып алыстагы бутага тие турган ракетаны сыноо ийгиликтүү болду. 2200 чакырымга жете турган ракета ядролук жана кадимки дүрмөттү алып жүрүүгө жөндөмдүү.

24-январда экинчи ракета сыноодон өткөн. 10-январда Пакистан суу астында сүзүүчү кемеден биринчи жолу ракета сынаган. Өлкөнүн армиясы бул ракета радарларга байкалбай турганын кабарлады.

Өткөн жылы Индия ракетадан коргонуу системасын сыноодон өткөргөн эле. Ага Пакистан тынчсыздануусун билдирген. Азия чөлкөмүндөгү эки ядролук мамлекет атаандаша куралданып, ядролук куралдарын өрчүтүүдө.

XS
SM
MD
LG