Кыргыз Эл акыны, драматург, коомдук жана саясий ишмер Эгемберди Эрматовдун сөөгү кичи мекени Кадамжайда жерге берилди. Аны менен коштошууга жакындары, кесиптештери, жердештери катышты. Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынын ачып жатып Эрматовду аза күтүү мүнөтү менен эскеришти.
Ал узакка созулган оорудан улам 24-январда 66 жаш курагында Бишкекте ооруканада көз жумган. Эгемберди Эрматов Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттеринде «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.
Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, "Аксаткын менен Мырза уул" драмалык чыгарманын, «Мухаммед пайгамбар» дастанынын автору. Анын чыгармаларынын жети томдугу да жарык көргөн.
2010-жылы Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-жылдын былтыркы жылдын аягына чейин президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.(BkA)