Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:11

Ирандык режиссердун тасмасы кайрадан “Оскарга” көрсөтүлдү


Режиссер Асгар Фархади

Иран кайрадан АКШ Кино академиясынын “Оскар” сыйлыгы үчүн ат салышмай болду. Режиссер Асгар Фархадинин “Сатуучу” аттуу психологиялык триллери “Эң мыкты чет өлкөлүк фильм” номинациясына көрсөтүлдү.

2012-жылы да ушул режиссердун “Ажырашуу” аттуу тасмасы мыкты деп табылып, биринчи жолу Иранга “Оскар” сыйлыгын алып келген. “Сатуучу” тасмасы ирандык жубайлардын чыңалган мамилесин көрсөтөт.

Адатта Иранда исламга туура келбеген тасмалар цензурадан өтөт. Бирок өлкөдө жашап иштеген режиссер Фархади эч качан мындай маселеге туш болбогонун айтты.

“Эң мыкты чет өлкөлүк фильм” номинациясына Ирандан башка Дания, Швеция, Германия жана Австралиянын тасмалары көрсөтүлдү. Сыйлыктын жеңүүчүлөрү февраль айынын соңунда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG