Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Дача СУдагы балдар керосинге ууланган эмес


Дача СУ, 16-январь, 2017-жыл.
Дача СУ, 16-январь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Ушул аптанын башынан бери кырсык болгон жерде жашаган 12 бала көңүлү айланып жатканын билдирип, ооруканага кайрылган. Аларга авиакеросинге уланышы мүмкүн деген алдын-ала диагноз коюлган.

“Токсиколог бейтаптарды кароо учурунда авиакеросин менен уулануу белгилери аныкталган жок. Учурда балдардын абалы жакшы”,- деп айтылат министрликтин маалыматында.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушуна түркиялык Мy Cargo компаниясынын жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулаган. Андан 39 адам каза болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG