Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Орус тышкы иштер министри Сирия оппозициясы менен жолугат


Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр, 23-январь 2017-жыл.
Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр, 23-январь 2017-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 27-январда Сириядагы оппозиция өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

24-январда Астанадагы эки күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы кармашты үч жумага токтотуу боюнча келишимди ишке ашырууга макулдашкан.

Сириянын оппозициясы жыйындан кийинки бирдиктүү коммюникеге канааттанбай, ок атышпоо келишимин көзөмөлдөө боюнча өз планын жарыялаган. Расмий Дамаскинин өкүлдөрү Түркия менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрбөй турганын жана түрк расмийлери кол койгон эч бир документти кабыл албастыгын билдиришкен.

Москва менен Тегеран Сириядагы алты жылга созулган жарандык согушта президент Башар Асадды колдосо, Анкара оппозицияны жактап келет.

XS
SM
MD
LG