26-28-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы:
26-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 2...7,
Баткен, облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -24...-29, күндүз -11....-16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -10...-15,
Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -6…-8, күндүз 5…7 градус жылуу болот.