Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Европа соту орус курал компаниясынын арызын четке какты

Орусиянын S-300 жана "Бук" комплекстери
Орусиянын S-300 жана "Бук" комплекстери

Европа Биримдигинин соту ракета чыгарган орусиялык “Алмаз-Антей” компаниясынын санкциялар боюнча арызын четке какты. Компания Украинанын чыгышындагы кармаштан улам Орусияга киргизилген санкцияларды алууга Евробиримдикти мажбурлоону соттон өтүнгөн.

Евробиримдик Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирди деген жүйө менен 2014-жылдын июль айында “Алмаз-Антей” баштаган 36 компанияга жана 146 кишиге санкция жарыялаган. Люксембургдагы сот Евробиримдик “Алмаз-Антейдин” банк эсептерин негиздүү жапкан деген чечимге келди.

Бул компания учактарды атып түшүрө алган “Бук” системасын чыгарат. Европанын Орусияга санкциялары 2016-жылдын сентябрь айында алты айга узартылган болчу. 

XS
SM
MD
LG