Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Ташкент шаары
Ташкент шаары

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Данияр Сыдыков менен жолугушуу өткөрдү. Ташкенттин расмий маалыматына ылайык, 24-январдагы жолугушуунун күн тартибин Кыргызстан менен Өзбекстандын алака-катышын бекемдөө жаатындагы маселелер түздү.

Министрликтин өкүлдөрү жана элчи эки мамлекеттин президенттери Самаркандда жолугушканда талкуулаган кызматташуу боюнча тапшырмаларды да талкуулашты.

Өлкө башчылар Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев былтыр 24-декабрда кезигишкен.

Элчи Данияр Сыдыков 11-январда Ташкент шаарынын акими менен жолугуп, эки өлкөдө кыргыз жана өзбек маданият күндөрүн уюштуруу планын макулдашкан.

Соңку жылдары мамилеси салкындап кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 2016-жылдын күзүнөн тарта ымала жакшы нукка өзгөрө баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG