Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

Президент Атамбаев учак кырсыгынан жабыркагандар менен жолугат


Президент Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Boeing учагы кулаган Дача СУ конушунун тургундары менен жолугат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди. Анын айтуусунда, жолугушууга учак кырсыгынан каза болгондордун жакындары катышат.

Президенттин жолугушуусу журналисттердин катышуусуз өтөт. Муну Алмаз Үсөнов маселенин коомчулукка аялуу экенине байланыштуу түшүндүрдү.

- Маселенин аялуу экенин, каза болгондордун жакындарынын психологиялык абалын эске алуу менен жолугушууну прессанын катышуусуз өткөрүү чечими кабыл алынды,- деди Үсөнов.

Айрым маалыматтарга караганда, жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда президент Атамбаевдин кырсык болгон жерге барып, андан жабыркагандардын абалына кызыкпаганы кызуу талкууланып, ар кандай сындар айтылган эле.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG