Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Азимжан Аскаров ачкачылык жарыялады


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Аскаров өзү кармалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчилигин кабардар кылды. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Эленора Сабатарованын “Азаттыкка” билдиришинче, укук коргоочу медициналык кароодон өткөрүлдү. Бирок Аскаров эч кандай дары ичпей турганын эскертүүдө.

24-январда Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Камактагы укук коргоочунун адвокаттары Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Соттун чечимине БУУнун Адам укуктары боюнча комитети, Евробиримдик сындап чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG