Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Токтонасыров Түркия элчилигинин алдында акция өткөрдү


Дача СУ, авиакырсык, 16-январь, 2017-жыл.
Дача СУ, авиакырсык, 16-январь, 2017-жыл.

Учак кырсыгына байланыштуу Бишкектеги түрк элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын өткөрдү.Токтонасыров элчиликтин алдына кыйраган учактын ичиндеги жүк кимге таандык болгону тууралуу так маалымат берүүнү талап кылды. Укук коргоочунун жүйөсүндө, элчилик маалымат бериши керек болчу.

Токтонасыров акцияны өткөрүүгө келгенде милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып, плакаттарын тартып алып, басым көрсөткөнүн айтууда.

Анын айтуусунда, милиция кызматкерлери акцияны ким каржылайт деп кызыккан.

16-январда Кытайдан 86 тонналык жүк менен келаткан учак “Манас” аэропортунун жанынан кырсыкка учурап, Дача СУ айылына кулаган.

Каза тапкан 39 адамдын тең жарымы балдар.

Бийлик бул жүк Түркияга ташылып баратканын айтууда. Бирок түркиялык ACT Airlines компаниясы учак Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын, буга чейин 52 жолу жүк алып келгенин кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG