Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

Крымда бир нече адвокат суракка алынды


Адвокат Эмил Курбединовдун кеңсесин тинтүүгө барган полиция. 26-январь
Адвокат Эмил Курбединовдун кеңсесин тинтүүгө барган полиция. 26-январь

Крымдын Орусия орноткон бийлиги коопсуздук күчтөрү "Хизб ут-Тахрир" уюмунун шектүү мүчөлөрүнө каршы рейд өткөрүшкөнүн билдирди. Крымдын Улуттар аралык маселелер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Заур Смирнов операция 26-январда Бахчисарай шаарында жүргүзүлгөнүн маалымдады. Анын чоо-жайы жөнүндө айтылган жок. Өткөн октябрда Орусияда тыюу салынган ал уюмдун мүчөлөрү деген шек менен кеминде татар улутундагы беш адам камалган.

Алардын адвокаты Эмил Курбединов 26-январда Симферополдо «экстремисттик материалдарды» тараткан деген шек боюнча кармалып, сурак берди.

Кесиптеши Эдем Семелдаев полиция Курбединовдун кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютерин конфискациялаганын айтты. Шаар соту адвокатты тергөө абагына отургузуп же отургузбоону чечмекчи.

Ал эми анын алдында крым татарларынын активисти Илми Умеровдун кызыкчылыктарын коргогон адвокат Николай Полозов күч менен кармалып ФСБнин Симферополдогу кеңсесинде суракка тартылган.

Орусия 2014-жылдын мартында Украинага таандык жарым аралды ээлеп алгандан кийин крым татарларына жасаган мамилеси үчүн Батыштын, укук коргоочулардын сынына кабылып келатат. Крым татарларынын өкүлдөрү уурдалган, камакка алынган, өлтүрүлгөн учурлар тууралуу кабарлар маал-маалы менен тарап келет.

XS
SM
MD
LG