Британиянын өкмөтү Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзам долбоорун жарыялады.
Парламент документти 31-январда талкуулайт деп күтүлүүдө.
Шейшембиде Британиянын Жогорку Соту министрлер кабинетин Лиссабон келишиминин шаркеттен чыгуу жараянын баштоону караган 50-беренесин ишке киргизүү үчүн парламенттин жактыруусун алууга милдеттендирген.
Премьер-министр Тереза Мэй бирдиктүү Европадан чыгуу процессин марттан кечикпей баштоо пландарын буга чейин айткан эле. Парламент депутаттарынын көбү болсо Евробиримдикте калууну жакташат. Добуш берүү Брекситти создуктуруп жибериши мүмкүн.