Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Мексика чек арада курулчу дубалдын чыгымын көтөрбөйт


Энрике Пенья
Энрике Пенья

Мексика АКШ менен чек арадагы дубал үчүн акча төлөбөйт. Анын курулушун жакын арада баштоо тууралуу америкалык президент Дональд Трамп билдирген эле. Мексиканын мамлекет башчысы Энрике Пенья Ньето элге кайрылуусунда Трамптын чечими эки өлкө соода, коопсуздук жана миграция чөйрөлөрүндөгү кызматташтыктын жаңы эрежелерин талкуулап жаткан учурда кабыл алынганын сындады.

- Дубал тургузуу чечимине өкүнөм жана аны жактабайм. Жылдар бою дубалдар бизди бөлүп келди. Мексика дубалдарга ишенбейт. Мен кайталоодон тажабайм – Мексика дубал үчүн акча төлөбөйт.

Ньето анын өкмөтү АКШ аймагындагы жарандарынын укуктарын коргоо үчүн болгон аракетин көрөрүн кошумчалады. Шаршембиде Трамп дубал куруу жардыгына кол койгон. Ошол эле күнү ABC News телеканалына интервьюда президент чек арадагы тосмонун курулушуна кеткен чыгымды Мексика төлөйт деген. Документте курулушту ким каржылары көргөзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG