Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен үч адам кармалды


Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.

Rambler News Service жана Рен-ТВ жеке булактарына таянып жазганына караганда, буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчи орун басары Сергей Михайлов жана “Касперский лабораториясы” уюумунун бөлүм башчысы Руслан Стоянов кармалган.

Кылмышка шектүү деген негизде кармалган үчүнчү жаран ФСБнын майору Дмитрий Докучаев экени айтылууда. Ал мурда ФСБнын Маалыматтык коопсуздук борборундагы бөлүмдөрдүн бирин башкарчу.

Расмий органдар бул боюнча комментарий бере элек. Бирок маалымат каражаттары алар чет өлкөлүк компаниялардан акча алганы, АКШдагы президенттик шайлоо маалындагы киберчабуулдарга тиешеси болгону тууралуу жазып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG