Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктарын эскерүү болот

Төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 1943-жылы ленинграддыктар менен.
Төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 1943-жылы ленинграддыктар менен.

Мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербург шаарынын фашисттик блокададан бошонушунун 74 жылдыгы белгиленет. Бишкектин Дайыр Асанов атындагы паркта бүгүн бул датага арналып митинг-реквием өтөрүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

2012-жылдын 8-майында борбор калаада блокадачыларга арналган мемориалдык комплекс ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылдын күзүндө Ленинград фронт-шаарга айланган.

Советтик жоокерлердин аракети менен шаар 1944-жылдын 27-январында гана бошотулган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн.

Жалпысынан бул апаатта 1,5 миллиондой адамдын өмүрү кыйылганы айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG