Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:05

Москвада өрттөнгөн басмакана ээсинин абак мөөнөтү узартылды


Курман болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

14 кыргызстандык кыз-келин өрттөн набыт болгон Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасынын кожоюну Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковдун абактагы мөөнөтү 27-февралга чейин узартылды.

Мындай чечимди Москванын Останкино соту кабыл алганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Аталган адамдар басмаканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылган эмес деп айыпталууда.

Былтыр август айында Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши каза болгон.

Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG