Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:54

УКМК: Кулаган учактагы жүктүн бир бөлүгү Бишкекке кайтып келмек


Авиакырсыктан кийин.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. “Манас” аэропортунун жанындагы кулаган учактагы жүк боюнча иликтөө башталган. Анын алгачкы жыйынтыгы боюнча кулаган Boeing учагында 76 тоннадан ашуун тиричилик техникасы, мобилдик телефондор жана башка электрондук жабдыктар сыяктуу жүк болгон.

Алардын арасынан 1902 килограмм “электрозажигалкаларды” «JTI Kazakhstan LLC» компаниясынын буюртмасы менен Бишкекке алып келаткан.

Бул компанияга логистикалык кызматты эл аралык «Globalink Logistics Group» аттуу транспорттук-экспедитордук ишканасы аткарып келген.

Келаткан жүк алгач Стамбулга жеткирилип, андан соң «Стамбул – Бишкек» багытындагы ТК 6528 каттам менен Бишкекке жөнөтүлмөк.

Ал эми калган жүк Түркия жана башка өлкөлөргө багытталганын УКМК ырастоодо.

Атайын кызмат кырсыктаган учактын “Манас” аэропортуна экипажды алмаштыруу үчүн конгонун маалымдады.

Ошондой эле «Кыргызаэронавигация» мекемесинин маалыматына таянып, аталган учак 2016 – 2017-жылы «Гонконг - Бишкек - Стамбул» багыты боюнча 49 жолу каттам аткарганы кабарланды.

УКМК кырсыктын бардык жагдайлары иликтенип жатканын кошумчалады.

16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учкан “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. Кырсыктын кеcепетинен 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган.

Учактагы жүк боюнча шектенүүлөр жаралып, Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG