Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:20

1995-жылдан бери Кыргызстандын транспорт тармагына 2 миллиард 435 миллион доллар жумшалды.

Бул тууралуу парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтуусунда, көрсөтүлгөн сумманын 2 миллиард 145 миллион доллардан ашыгы насыя катары алынса, калган бөлүгү грант катары келген.

Министр эң көп суммадагы насыя өлкөдөгү жолдорду куруу жана оңдоого жумшалганын билдирди.

Ал эми көз карандысыздык жылдары өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга 1 миллиард 659 миллион доллардан ашык насыя алынган.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG