Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Мамдума үй-бүлөлүк зомбулукка жазаны жеңилдетти


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы перформанс. Санкт-Петербург.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы перформанс. Санкт-Петербург.

Орусия Мамлекеттик думасы 27-январда үй-бүлөлүк зомбулукка жазаны жеңилдеткен мыйзам кабыл алды. Акыркы үчүнчү окууда бул мыйзамга 380 депутат макул, үч гана депутат каршы добуш беришти.

Мыйзамга ылайык, жакынынын биринчи жолку ур-тепкиси үчүн кылмыш жазасы эмес, административдик жаза чегерилет. Мындай аракет экинчи жолу катталса гана шектүү кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Өзгөртүүнү жактагандар муну менен салттык үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактайбыз деген ойдо.

Ал эми эл аралык Human Rights Watch жана Amnesty International укук коргоо уюмдары, андан тышкары Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьерн Ягланд орус депутаттарын мыйзамды кабыл албоого чакырышкан. Алардын ырасташынча, мыйзам кабыл алынса үй-бүлөлүк зомбулук курмандыктары коргоосуз калат.

XS
SM
MD
LG