Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

“Өнүгүү” фракциясы Салык кодексин кайра иштеп чыгууга чакырды


Алтын кен фабрикасы.
Алтын кен фабрикасы.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өкмөткө Салык кодексинин долбоорун кайра иштеп чыгууга чакырды.

Мындай чечим бүгүн «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында кабыл алынды.

“Өнүгүү-Прогресс” жаңы кодексте ишкердикке бут тоскон айрым нормалар киргизилген деп эсептейт.

Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев Салык кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгон ишкерлер көп экенин билдирди.

- Кодекстин долбоору талкууга коюлары менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрү алардын пикири эске алынбай калганын айтышты. Ошондуктан, биздин фракция өкмөткө Салык кодексинин долбоорун чакыртып алып, аны Кыргызстандын бизнес коомчулугунун пикирин эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу сунушун киргизет,- деди Төрөбаев.

Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыккан. Өкмөт кодексти учурдагы шартка ылайыкташтыруу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG