Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

БУУ: Йеменди жапырт ачкачылык каптаганы турат


Йемен
Йемен

Йемендеги аскерий чатактын айынан өлкөнү жапырт ачкачылык капташы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун чукул жардам боюнча координатору Стивен О'Брайен билдирди.

БУУ өкүлүнүн айтымында, 10 миллионго жакын йемендиктерде азык-түлүк тартыш. Анын эки миллиондон ашыгы жаш балдар. Ошондой эле О'Брайен бомбалоо токтобой жатканы үчүн гуманитардык жагдай да начарлап баратат дейт.

Йемендеги аскерий жаңжал 2014-жылы сентябрда башталган. Шиит азчылыгынын өкүлдөрү – хуситтер Ирандын колдоосу астында эл аралык коомчулук тааныган Йемен өкмөтү менен согушууда. Йемен өкмөтүн Сауд Арабиясы жетектеген коалиция колдоодо.

Мунун айынан өлкөдө он миңге жакын адам өлдү.

XS
SM
MD
LG