Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:39

Ирандык актриса, “Оскарга” көрсөтүлүп жаткан “Коммивояжер” тасмасынын баш каарманы Таране Алидости АКШда өтчү сыйлык тапшыруу аземине барбай турганын билдирди. Ал муну Трамптын миграциялык саясатына протест деп түшүндүрдү.

Твиттердеги билдирүүсүндө актриса Иран жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотуу планын “расисттик” деп атады.

Режиссер Асгар Фархадинин фильми “Мыкты чет өлкөлүк фильм” номинациясына көрсөтүлүүдө. Сыйлык 26-февралда Лос-Анжелесте тапшырылат.

25-январда Трамп миграциялык саясат боюнча эки жарлыкка кол койгон. Жакынкы күндөрү миграцияны чектеген дагы жаңы чечимдер чыгары күтүлүүдө. Батыш маалымат каражаттарынын жазганына караганда, анда Сирия, Иран, Ирак жана башка мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүнү, качкындарды кабыл алууну убактылуу чектөө кабыл алынышы ыктымал.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG