Орусия президенти Владимир Путин 28-январдагы телефон сүйлөшүүсүндө АКШ жаңыдан ишке киришкен президенти Дональд Трампты куттуктайт жана алар эки өлкө байланышынын учурдагы абалын талкуулашат.
Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирип, сүйлөшүү Москва убактысы боюнча кечке маал болорун кошумчалады.
Ал эми Трамптын башкы кеңешчилеринин бири Келлиан Конвей CBS телеканалына эки лидер башка маселелердин катарында “ислам радикализмине жана терроризмге” каршы күрөштү талкуулашы ыктымалдыгын айтты.
Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер АКШ президенти Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд менен да телефондон сүйлөшөрүн "Твиттерге" жазды.