Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:36

Лукашенко: Бир тууган Украина көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүдө


Александр Лукашенко.

Белорус президенти Александр Лукашенко боордош Украина көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатат деди. Мындай пикирин ал илимий чөйрөнүн кызматкерлери менен жолугушууда айтты деп кабарлайт президенттин расмий сайты.

Лукашенконун айтымында, Минск үчүн көз карандысыздык күрөшү аскердик же саясий талаада эмес, экономикалык тармакта жүрүүдө.

Беларус Украина чыгышындагы өздөрүн “элдик республикалар” атаган жикчилдерди тааныган эмес. Киевдеги беларус элчиси Валентин Величко Минск Украина бүтүндүгүн колдой турганын мурда айткан болчу. Мындан тышкары беларус расмийлери Орусия Клинцы аймагындагы чек арасында аскерин чыңдашына бир нече ирет тынчсыздануусун билдирген.

Декабрда Лукашенко Санкт-Петербургдагы Евразия экономикалык биримдигинин жана Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун саммитине келбей койгон эле.

Ал эми январда Беларус АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, Жапония, Бразилия баштаган 80 өлкөнүн жарандарына беш күндүк визасыз режим киргизген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG