Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:55

Орусиянын Ханты-Манси автономдук аймагынын Нижневартовск соту Кыргызстандын жаранын 1 килограммдан ашык героинди сатуу аракети үчүн 15 жылга эркинен ажыратты.

РИА Новости агенттиги жазгандай, кыргызстандык жаран 2015-жылдан бери героинди үчүнчү тарапка өткөрүп келген. Бирок маңзатты сатуу аракети ишке ашпай, шериктери полиция тарабынан колго түшкөн.

Орусиянын тартип сакчылары кыргызстандыкты көптөн бери аңдып келишкен.

Маалыматта айтылгандай, сот кыргызстандыкты күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 15 жылга эркинен ажыратып, 200 миң рубль айып салды. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди. Ал эми маңзат жүгүртүүгө көмөктөшкөн башка адамдардын иши өзүнчө каралмакчы. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG