Өзбекстандын борборунда эл аралык «Ташкент-4» терминалынын курулушуна байланыштуу аэропортко жакын жердеги 540 үйдүн тургундары башка жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу Vesti.uz. басымласы маалымдады.
Uzbekistan Airways департаментинин жетекчиси Антон Ходжаяндын билдирүүсүндө, терминал курулчу аймактын тургундарына жер аймагы же батир берилет. Мындан башка акчалай компенсация төлөп берүү маселеси дагы каралып жатат.
Жаңы эл аралык терминал Өзбекстандагы ыйык куштардын бири Хумонун сөлөкөтүнө окшош болуп, саатына 1500 жүргүнчүнү кабыл алмакчы. (SDz)