Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Ооганстанда казакстандык делген согушкер кармалды

“Казакстанда тыюу салынган ислам уюмунун түптөөсүнө катышы бар”, “2011-жылы Атырау шаарында террористтик чабуул уюштурду” деп айыпталган Дамир Зналиев Ооганстанда кармалды.

Казакстандын тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып жазган жергиликтүү басылмалар Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн көмөгү менен 19-январда Сары-Пул аймагында 28-жаштагы Зналиев кармалганын жарыялашты. Учурда аны Казакстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын “Казинформ” маалымдады.

«Джунд-аль-Халифат» Казакстанда экстремисттик уюмдардын катарына кошулган. Маалыматтарда бул уюм 2011-жылдын 25-ноябрында Атыраудагы жардырууга түз тиешеси бар жана ошол эле жылы Алматыдагы ок атышууну уюштурган деп айтылып келет.

Казакстандын күч түзүмдөрү Зналиевди «Джунд-аль-Халифат» уюмунун түптөөчүлөрүнүн биринин катарына кошуп, аны эл аралык экстремисттик уюмдар менен катышы бар деген версияларды айтып келишет.

Дамир Зналиев менен чогуу Ооганстанда дагы бир согушкер кармалганы айтылып, алдын ала маалыматтар боюнча ал Борбор Азиянын жараны экени кабарланууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG