Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:16

ӨКМ: 1-февралга чейин суук болот


Кыш.
Кыш.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-январдан 1-февралга чейин туруксуз аба ырайы сакталарын маалымдайт. Аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, 31-январда айрым жерлерде калын кар түшөт. Ош, Жалал-Абад облустарында зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетмекчи.

1-февралда абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (SDz)

XS
SM
MD
LG