Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:36

Путин Сирия боюнча Назарбаевге ыраазылыгын билдирди


Сирия чатагы боюнча сүйлөшүү учуру. Астана 23-январь, 2017-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аянтчасын түзүп бергени үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазылыгын билдирди. Бул тууралуу орус жана казак президенттеринин 28-январдагы телефон сүйлөшүүлөрү учурунда айтылганын расмий Астана маалымдады.

Президенттер эки өлкө алакаларын жана Астанада өткөн Сирия сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарын талкуулады. Назарбаев мындан ары да Казакстан Сирия маселесин жөнгө салууда ар тараптүү көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Жума башында Астанада Сириянын президенти Башар Асаддын расмий өкүлдөрү жана оппозициянын катышуусунда сүйлөшүүлөр өтүп, бирок кандайдыр бир жыйынтык чыккан эмес. Сүйлөшүүлөр Орусия, Иран, Түркия өлкөлөрүнүн ортомчулугу астында жүрүп, АКШ президент Дональд Трамптын администрациясы бул сүйлөшүүгө өкүл жиберген эмес.

Ал арада Бириккен улуттар уюму Сирия чатагын жайгаруу үчүн өзүнүн сүйлөшүү процессин жүргүзүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG