Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Авиакырсык: Бишкекте митинг-реквием өттү


Курман болгондорду эскерүү, Дача СУ конушу, 18-январь, 2017-жыл
Курман болгондорду эскерүү, Дача СУ конушу, 18-январь, 2017-жыл

Борбор калаадагы “революция каармандары” аянтчасындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында, учак кырсыгынан курман болгондордун элесине арналган митинг-реквием өттү. Иш-чарага авиакырсыкта каза болгондордун жакындары жана өлкөнүн белгилүү адамдары катышты.

Митинг-реквием учурунда курман болгондорго куран түшүрүлүп, маркумдардын жакындарына кайрат айтылды.

16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытындагы “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG