Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

40 түрк офицери Германиядан башпаанек сурады


Түркиядагы төңкөрүш түн. 16-июль, 2016-жылы
Түркиядагы төңкөрүш түн. 16-июль, 2016-жылы

Түркиянын кыркка чукул офицери Германия бийлигинен саясый башпаанек сурады. Der Spiegel басылмасы жазгандай, аскерлердин көпчүлүгү жогорку наамдагы офицерлер. Германия бийлиги учурда түрк аскерлеринин өтүнүчү каралып жатканын билдирди.

Германия жана Бельгиянын НАТО базаларында кызмат өтөп жаткан түрк аскерлерине буга чейин өз мекенине кайтуу буйругу берилген. Бөтөн өлкөдө жүргөн офицерлер Түркияга кайтып барса, саясый туткунга айланып, өмүрүнө коркунуч жараларын айтышууда. Аларды түрк бийлиги куралдуу төңкөрүш жасоого катышы бар деп айыптоодо.

Түркияда 2016-жылдын 16-июлунда бийликке каршы куралдуу төңкөрүш уюштуруу аракети болгон. Окуядан соң өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, адам укугун коргоо боюнча Европа конвенциясы күчүн жоготкон. Иликтөөдө 40 миңден ашуун адам кармалып, он миңдеген адам мамлекеттик кызматтан айдалган. Ондогон маалымат каражаттары жабылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG