Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:21

“Оскарга” талапкер Иран режиссеруна АКШга кирүүгө тыюу салынды


Асгар Фархади
Асгар Фархади

Ирандык режиссер, “Оскар” сыйлыгына талапкер Асгар Фархадиге Кошмо Штаттарына кирүүгө тыюу салынды. Натыйжада Фархади 26-февралда өтө турган “Оскар” сыйлыгын ыйгаруу салтанатына катыша албайт. Өз кезегинде режиссер америка бийлигинин кадамын акылга сыйбаган иш катары баалады.

АКШдагы укук коргоочулар Нью-Йорктун федералдык сотуна Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө тыюу салган чечимин жокко чыгартуу үчүн арыз менен кайрылышты. Активисттер американын визасы бар адамдарга бул чаралар колдонулбасын деген талап коюшууда.

Египет бийлиги буга чейин Каирден Нью-Йоркко бараткан EgyptAir компаниясынын учагындагы Ирак жана Йемендин жарандарын АКШга учурбай койгон. Алардын документтери бар экенине карабай, өз мекенине жөнөтүлдү.

Евробиримдиктин жана Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрү жана миграциялык уюмдар АКШ президенти Дональд Трамп катаалдаткан иммиграция эрежелерине тынчсыздануусун билдирүүдө.

Жума күнү Трамптын Иран, Ирак, Сирия, Судан, Ливия, Йемен жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарын 90 күнгө АКШга кирүүсүнө тыюу салган буйругу чыккан. Ошондой эле качкындарды кабыл алуу программасы 120 күнгө токтотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG