Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Ак үй: Путин Трампты куттуктады


Ак үйдүн маалымат кызматы орус президенти Владимир Путин телефон аркылуу Дональд Трампты президенттик кызматка киришкени менен куттуктаганын жарыялады. Эки лидердин сүйлөшүүсү бир саатка чукул созулуп, кызматташтыктын ар кыл багыттарын камтыган. Ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүү жана дүйнөдөгү тынчтык маселесин талкуулашкан.

Бул баарлашуу АКШ менен Орусиянын муздап бараткан мамилесин жандантып, оңдой турчу иштердин башаты болгонун Ак үйдүн маалымат кызматы кошумчалады. Президент Трамп да, Путин да бул сүйлөшүүлөр ар тараптуу маселелерди алдыга ыкчам жылдырууга жана кызыкчылыктарды ишке ашырууга түрткү берерин айтышты.

Буга чейин расмий Кремл 28-январдагы телефон сүйлөшүүсүндө Владимир Путин менен Дональд Трамп туруктуулук жана өнүгүү үчүн биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришкенин жазган. Тараптар эки өлкөнүн алакаларын конструктивдүү, тең укуктуу жана эки жакка пайда алып келчү негиздерге таянып, жүргүзүүгө макул болгонун Кремлдин басма сөз кызматы маалымдаган.

Эки президенттин сүйлөшүүсүндө АКШ тараптан Орусияга киргизилген санкцияларды алып салуу маселеси каралат дегендиктен, бул сүйлөшүүлөрдү Москва жана Европа өлкөлөрү өтө кызыгуу менен күтүп жатышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG