Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

TI: Коррупция Кыргызстанда негизги үч проблеманын бири


Кыргызстанда эл жемкорлукту саламаттыкты сактоо жана экономикадан кийинки эле негизги көйгөй катары санашат. Бул тууралуу “Трансперенси Интернешнл” (Тransparency International) уюмунун 2016-жылдагы баяндамасында жазылды. Адамдар үчүн коррупция билим берүү, жумушсуздук жана кылмыштуулук проблемаларынан да өйдө турат деп айтылат баяндамада.

Сурамжылоого 1,5 миң кыргызстандык тартылып, алардын үчтөн бири күнүмдүк турмушта коррупцияга кабылаарын айтышкан. Көпчүлүгү медицина, каттоо жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлерге пара беришерин билдиришкен.

Ошондой эле сурамжылоого катышкан жарандардын 37 пайызы колунда бар адамдар жеке иштерин өкмөт аркылуу чечет деген ойлорун билдирген.

25-январда “Трансперенси Интернешнл” уюму жылдык баяндамасын чыгарып, Кыргызстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлегенин маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG