Алматыда өтүп жаткан “Универсиада-2017” оюндарында бүгүн кыргызстандык лыжачылар Кундуз Абдыкадырова жана Тариэль Жаркымбаев жарышка чыгып, мелдешти ийгиликсиз жыйынтыкташты. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында маалымдалды.
Беш километрге лыжа тебүү боюнча жеке таймашта Абдыкадырова 64 спортчунун арасында 62-болуп келди. Биринчи жана экинчи орундарды орусиялык Лилия Васильева менен Анна Нечаевская, үчүнчү орунду казакстандык Анна Шевченко ээледи.
Жаркымбаев 10 км аралыкта 88 спортчунун ичинен 87-орунда келди. Биринчи жана экинчи орун орусиялык Валерия Гонтарь менен Дмитрий Ростовцевге, үчүнчү орун франциялык Александр Пуйеге тийди.
Алматыда 29-февралда бүткүл дүйнөлүк кышкы Универсиада башталды. Мелдештер 8-февралга чейин уланат. 57 өлкөдөн келген эки миңге чукул спортчу 86 медалдар комплекти үчүн ат салышат.
Кыргызстандан 10 спортчу катышууда.