Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Авиакырсыкта жабыркагандарга 41 миллион сомдон ашуун акча топтолду


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүн саат 17:00гө карата 41 миллион 607 миң 834 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. (SE)

Банк эсеби
Банк эсеби

XS
SM
MD
LG