25 жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент авиакаттамы 10-февралдан тарта жанданат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тажикстан аэропортунун маалымат катчысы Жамиля Хусейнова кабарлады. Ошондой эле бүгүнтөн тарта эки тарапка билеттер сатыла баштаганын кошумчалады.
Ташкент-Дүйшөмбү, Дүйшөмбү-Ташкент каттамдарын “Сомой Эйр” жана “Өзбекстан аба жолдору” аткарып, жумасына эки ирет учаары күтүлүүдө.
Эки өлкө ортосундагы түз аба каттамы 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон. Аны кайра калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдын аягында башталган.